Башкы прокуратура: "Былтыр жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын саны кыйла өскөн"

"Жашы жетпегендерге карата өзүнчө бир чоң комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүшү керек". Мындай пикирин бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди.

Анын айтымында, былтыр жашы жете элек өспүрүмдөргө карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын саны 2014-жылга салыштырмалуу кыйла өскөн. "2014-жылы жашы жетпегендерге карата 905 кылмыш болсо, 2015-жылы 1019 кылмыш орун алган. Анын ичинен жашы жетпегендерди өлтүрүү боюнча 2014-жылы 10 факт болсо, 2015-жылы 13 факт катталган. 2014-жылы 66 зордуктоо болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 74кө өстү. 2014-жылы ыплас аракеттер боюнча 21 факт болсо, былтыр 37 факт катталган. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттер 17ден 27ге өскөн. 16 жашка чыга электер менен жыныстык катнашта болуу 33төн 36га өскөн. Сексуалдык мүнөзгө байланышпаган башка кылмыштар 516дан 816га өскөн", - деди Токтогулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altunbek78
2016-06-10 13:48:49
санап олтура бергиле, озу токтойт бир куну. МВД жана соттордун адилетуу иштешип ак менен карсны ажырата алышпай келет, биде озу качан тынч онуккон заман болот болду экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан