SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акчага айланган окуу жайлар" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Жумушта отурсам жогорку окуу жайда окуган кичүү иним келип, зачётторун бүтүргөнгө акча керек экенин айтып калды. "Мугалимге акча бергиче мээңди колдонбойсуңбу?!" десем, "азыр кандай окусаң да баары бир зачёттон кулатканга шылтоо табат" дейт. Буга мен ишенгим келбейт, анткени мугалимдин берген тапшырмасын так аткарсаң, сени кулатканга акысы да жок. Азыркы учурда өлкө боюнча даярдалып жаткан кадрлардын дээрлик 20-30 пайызы гана сапат талабына жооп бере алат".
"Акча бербей эле окууну бүтсө болот. Болбосо мен азыр кайра эле окуп жүрмөкмүн. Акча бербесең да тырышкан окутуучулар жок эмес. Албетте, ар кимдин өзүнүн талылуу жери болот. Дал ошол жеринен кармаш керек. Эсимде, бир мугалим студенттин баарынан акча алып, менден ала албай койгон, анткени анын тапшырмасын аткарып жүрүп акыры анын үмүтүн үзгөм. Электроника деген сабактан да ошондой агай болчу. Өзү жакшы түшүндүрбөйт, анан элден 500 сомдон чогултуп жатканда сутенттердин баары беришкен. Мен "4" алганыма ыраазы болуп, бербей кутулгам".
"Мага бир кезде агайдын айткан сөзү эске түштү. Жогорку математикадан сынак берип, эсебин чыгара албай койгом. Ошондо "чыгара албасаң вышматты, анда сом чыгар" деп айтып жатпайбы".
"Акчасыз эле бүтүрсө болот деп ойлойм. Эгер студенттин өзүнүн кемчиликтери болбосо, лекцияларга катышып, семинарларда кол көтөрүп турса, кайсы мугалим баа койбосун? Мен акчасыз эле окугам, болгондо да автомат алыш үчүн аракет кылчумун. Ал эми иним окуусун көбүнчө акча менен бүтүрчү, ошондо "Мугалимиңер кантип уялбай акча сурайт?" дечү элем. Иним "мугалимге зачёт же экзаменге кирип калсаң, акырын кагазга суммасын жазып коёт" деп күлчү".
"Студент күнөөлүү. Билимине ишенген адам мугалим акча сураса да, билимин далилдеп, арызданып, мугалимдин өзүн уят кылышы керек. Азыркы студенттер өздөрү мугалимдин аркасынан акчасын көтөрүп алып чуркашат. Муну жалкоолук, даяр оокат деп айтмакмын".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.