Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында 2010-жылдагы Июнь окуясынан каза тапкандар эскерилди. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, шаардык жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, Июнь окуясынан жабыркагандар, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.
Мэриядан кабарлашкандай, митинг-реквиемде “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине
гүлчамбарлар коюлуп, улуттар аралык тынчтыктын, ынтымактын символу болгон “Тынчтык коңгуроосу” кагылды.
Эскерүү иш-чарасында Замирбек Аскаров 2010-жылы жеке кызыкчылыгы бар жактардын сөзүнө кирип араздашкан эки элдин мамилеси бүгүн мурдагы калыбына келип, ынтымак-ырашкердик менен чогуу жашап жатканын белгиледи.
Аны менен катар бийлик өкүлдөрү “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине, Ош окуясында каза болгондордун үйлөрүнө барып куран окутушту.