2016-жылдын январь-май айларындагы өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн төмөндөшү баалуу металл, текстиль, кийим, башка металл эмес минералдык продуктулар өндүрүшүндөгү көлөмдүн кыскарышы менен шартталды. Электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн көлөмү 13,4 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Улуттук статистика комитети маалымдады.
"Муну менен катар башка пайдалуу кендерди, мунайзатты жана металл кендерин казуунун өсүүсү белгиленди. Ошондой эле тамак-аш азыктарынын өндүрүшүндөгү көлөмдөрдүн көбөйүшү байкалды", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын январь-апрель айларында 2015-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу экспорттук жөнөтүүлөр 29,1 пайызга азайды, бул кийим жана кийимге тиешелүү буюмдарды 21 эсеге, жаңгактар – 16, тирүү жаныбарлар – 5, резина буюмдары – 2,5, алтын – 2,3, пахта буласы – 2,2, сүт жана сүт азыктары 1,7 эсеге жөнөтүүнүн азайышы менен шартталган.
Муну менен катар товарлардын экспортунун көлөмү алтынды эсептебегенде 14,9 пайызга көбөйдү, бул желимдерди 3,2 эсеге, таш көмүрдү жөнөтүүлөрдүн 21,1 пайызга өсүүсү менен камсыздалды.
Импорттук түшүүлөр негизинен кантты жана кондитер азыктарын ташуунун 4,6 эсеге, жаңы жеңил автомобилдердин 2,8 эсеге, фармацевтикалык продукциялардын 2,6 эсеге, минералдык отундун 2,6 эсеге, кара металлдардан жасалган буюмдардын 1,8 эсеге, эт жана эт азыктарынын 11,5 пайызга, ошондой эле машина жана жабдуулардын 12,6 пайызга кыскарышынын эсебинен 9,1 пайызга азайды.