Борбор калаадагы "Ош базарынын" айланасында мыйзамсыз соода кылгандар үчүн базар акыларын азайтууга аракет көрүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бүгүн, 10-июнда 100 күндүк ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынында билдирди.
"Азыр "Ош базарынын" айланасын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат. Жолдун жээгинде баш аламан соода кылып жаткандар башка жакка көчүрүлдү. Эл деген эл экен. Алар базар төлөмдөрүнөн качып, кайра эле мыйзамсыз жайларда соода кылып жатышат. Эртеден кечке милиция кызматкерлеринин кубалоосу да бизге жакшы натыйжа берген жок. Ошондуктан учурда аларга жакшы шарт түзүүгө, базар акыларын азайтууга аракет кылып жатабыз. Бул маселе учурда менин жеке көзөмөлүмдө", - деди мэр.