Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 100 күндө жасаган иштери боюнча журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Анда шаар мэри Бишкек шаарындагы коомдук унаалар, мыйзамсыз курулуштар жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Алгач эле "Шаарда унаалардын, коомдук унаалардын көптүгүнөн жол тыгындары жаралып жатат. Буга кандай чара көрүү керек?" деген суроо узатылды. "Негизги унаа жолдорун жана коомдук унааларды көбөйтүү керек. Азыр ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Ушул жылдын акырына чейин троллейбустарды алып келүүбүз шарт. Дагы кошумча автобустарды алып келүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп жооп берди.
"Дыйкан" базарын башка жакка көчүрүү, шаардын сыртына чыгаруу боюнча суроого: "Ооба, болот, бирок түрдүү карама-каршылыктар жаралууда. Соодагерлер да ыңгайлуу жерде соода кылгылары келишет. Андыктан ал жактагы сатуучулар жана колдонуучулар үчүн шарт түзүү керек. Азыр базарды кайсы жерге көчүрүү керектигин тактап, чечип жатабыз. Бул маселени жакын арада чечүүгө аракет кылабыз", - деди.