"Өзүңүздөр билгендей, мыйзамсыз курулган дүкөн, соода күркөсү сыяктууларды алып салуу жеңил эле болот экен. Ал эми чоң курулуштарды алып салуу үчүн сот чечими зарыл. Ошондой эле айып пул төлөшү зарыл. Ал эми сот процесси 1-5 жылдап, кээде андан да узак убакытка созулуп кетет, себеби мыйзамда "бузуулардын катарын өкмөт аныктайт" деп жазылган. Андыктан азыр мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрүлүп жатат. Документтер даярдалууда".
"Социалдык тармактарды активдүү колдоносузбу, шаарда болуп жаткан окуялардан кантип кабардар болуп турасыз?" деген суроого: "Ооба, күн сайын шаарда кандай окуя болуп жатканын социалдык тармактар, өлкөдөгү интернет-сайттар аркылуу билип турам. Кандай маселе жаралбасын, социалдык тармактар аркылуу шаар мэриясына айтыңыздар, кайрылыңыздар. Биз сөзсүз баарына тиешелүү чара көргөнгө аракет кылабыз", - деди шаар башчы.