Палеонтолог: "Ысык-Көлдөн табылган байыркы жаныбардын сөөгү лаборатория даяр болбой изилдене элек"

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Орлиное айылында байыркы жаныбардын сөөгү табылган. Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун палеонтологу Айзек Бакиров байыркы жаныбардын сөөгү учурда убактылуу сактоочу жайда сакталып турганын бүгүн, 10-июнда SUPER.KG порталына кабарлады.

"Учурда лабораторияларыбызда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Андыктан жаныбардын сөөгүн алып чыгуу кооптуу, себеби анын сөөгүн Ысык-Көлдөн азап менен чогултканбыз, майдаланып, бычырап калышы мүмкүн. Аны изилдөө үчүн сөөгүн кылдаттык менен кураштырып, чаптап чыгуу зарыл. Сөөктү атайын техник-препаратор чогултушу керек. Ал адис кыргыз жергесинде жок болгондуктан, өзүбүз чогултууга туура келет. Кээде сөөктүн кичине жери 1-2 суткада чогултулушу мүмкүн. Ал жаныбарды изилдөө бизге чоң кызыгуу жаратууда. Тилекке каршы, азырынча шарттар болбой жаткандыгына байланыштуу изилдөө иштери токтоп турат", - деди Бакиров.

Палеонтолог берген маалыматка караганда, сөөктөр учурда консервацияланган бойдон, герметикалык идиштерде сакталуу. Мындан тышкары байыркы жаныбардын сөөгү күтүүсүздөн табылгандыктан, аны изилдөө жакынкы арадагы пландык иштерге кире элек экенин кошумчалады палеонтолог.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tansuluu09
2016-06-10 17:40:36
Изилденбей эле жок болуп кетсе керек.
Табылганына качааан болгон.
Лаборатория качааан ондолуп тузолот.
0
taalai9411
2016-06-10 17:55:24
Кечее кунуну-соз болуп аты эле ушул соок бойюнча окушкан окшойт
+1
Azizbek.kg8
2016-06-10 18:08:20
Тездештириш керек батырак оңдоп текшерүү заарыл.
0
temirov76
2016-06-10 18:23:47
Бир чондун уйуно сувенир болуп кирип кетбедиби бул кезге чейин?
+2
Elmar
2016-06-10 21:02:04
Башка мамлекетке подарок кылып койгула ошолор изилдейт....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан