Токой экосистемдерин интеграцияланган башкаруу боюнча долбоордун алкагында 16 миллион доллар өлчөмүндө каржы бөлүнөт

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы "Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну жана кыргыз өлкөсү менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгаруу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Келишимге ылайык, Токой экосистемдерин интеграцияланган башкаруу боюнча долбоордун алкагында 16 миллион доллар өлчөмүндө каржы бөлүнөт. Анын ичинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 6,6 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя, ал эми Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5,4 миллион доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлмөкчү.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргыз Республикасында 616 миң чарчы чакырым токой аянты бар же ал өлкө аймагынын 6,6 пайызын ээлейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан