Электрондук паспорттун баасы 300 сомго жакын болот

Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук паспортунун баасы болжол менен 300 сомго барабар болот. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын көчмө жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, электрондук паспорттор 2016-жылдын сентябрь айынын соңунан тарта берилери күтүлүүдө. Сарпашевдин орун басары Дастан Догоев электрондук паспорттун бетинде төмөнкү маалыматтар белгиленерин айтты:

1) жарандын аты-жөнү

2) төрөлгөн датасы

3) жынысы

4) документтин номери

5) паспорттун жарактуу мөөнөтү

6) жарандын колу

Ал эми электрондук паспорттун арткы бетинде төмөнкү маалыматтар белгиленмекчи:

1) туулган жери

2) жеке номери

3) документти берген мекеме

4) жеке номеринин штрих-коду

5) документтин чиби

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
sher.ella
2016-06-10 18:19:01
Тушунбой жатам эмне дейт интернет аркылуубу
-4
mirlan15
2016-06-10 18:24:00
Жакшы
-1
Ibi86kg
2016-06-10 18:25:07
Улуту жазылбайт бекен эми э
+1
Anara8668
2016-06-10 18:32:41
Ал эмен деген электрондук телефонубузга орнотот бекен же кармадабы ал нерсе деги эмне бул жооп жазып койшулачы бирдеме деп
-5
ILYAS181296
2016-06-10 18:58:01
Anara8668,телефонго да орнотчу беле...
0
Jonathan88
2016-06-10 18:55:44
Менда түшүнбөй калдым,админ түшүндүрүп жазып койгулачы
-1
ILYAS181296
2016-06-10 18:59:46
Компьютерге сайганда бут маалымат ошол жактан чыгат...ошол электрондук деген... Бут маалыматтар омур баянынардан бери болот ошол элекирондук паспортто
0
BarsBaatyr
2016-06-10 19:11:38
Эми сентябрга оттунорбу?Эки жумада берилип баштайт деп аттынар эле го
0
Aza17
2016-06-10 19:52:36
Улутун созсузтурдо жазыш к.к антпесе Кытайлар.узбектер сатып алышатта...
+4
AKCAHAT
2016-06-10 23:45:47
Aza17,ошону сатып аткан кимде куноо ? Эгер эртен РФ де паспорттор биздегидей оптом сатылсынчы ошояктагы мигранттын баары сатып алат бирок мындай болбойт орустар сатпайт. Улуту эч бир олкодо жазылбайт озу . Эгер жегичтер алдым жуттумдар болбогондо мындай проблемалар келип чыкпайт эле
-1
Aza17
2016-06-11 03:46:51
AKCAHAT,улутун жазбаса сатууга ото жакшы мункунчулук тузулуп калат. Кыргыздын паспорту визитный карточкадай оптом сатылып жаткан кезде кандайгана жол болбосун коргоо к.к. Азыркы кезде Кыргызтанда кытайлардын саны 100 миндеп саналат тен жарымыдан кобу мыйзамсыз жургондор. Ким кепилдик бере алат алар сатып албайт деп.50-60 жылдан кийин кобойушуп алган сон баш которуп чыкса Кыргыз улутун келечеги кандай болот.
-1
Ibi86kg
2016-06-10 20:28:12
Кыргызстандын жараны болгондон кийин, Улуту жок эле кыргыз жараны эле деп жазылышы керек, себеби бут олкодо ошондой жазылат.?!
-3
barsa30
2016-06-10 21:25:25
улуту созсуз жазылышы керек !!!
0
official114466
2016-06-11 00:59:19
Элдер туура айтат, кандай гана турдогу паспорт болбосун УЛУТУ деген жери созсуз болушу керек. Сентябрга чейин убакыт бар, кайрадан иштеп чыксанар болот.
0
aminali
2016-06-11 07:24:47
Иииий кайра алмаштырат турбайбызбы, кок паспортту аран адикард кылсак. Кызы уулу дегендер аран о-ва же ов болуп, оптом фамиля которуп бутпой жатышат. Туруктуу акыркы закон Ушул болсо экен эми.
-1
nurik903
2016-06-12 21:03:27
акча иштөөнүн дагы айласын тапканго баарын кайрадан алмаштырып...
0
pixel2015
2016-06-12 22:06:06
Былтыр Биометрический ден оттунор беле? Ошону Эми аласынар!!;
0
damir_klg
2016-06-13 05:32:22
емне суроту койулбайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан