Улуттук акчаны жасай турган жай куруу демилгеленди

Жогорку Кеӊештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясында 2015-жылдагы Улуттук банктын иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчёту угулду.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2015-жыл каржы саясатын жүргүзүү үчүн кыйла оор болду. "Дүйнөдө каржы каатчылыгы өкүм сүрүп, улуттук валюталардын куну кескин түшкөндүктөн, көп өлкөлөрдүн экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизди. Ошого карабастан, Улуттук банк каржы саясатын туура жүргүзө алгандыктан, улуттук валютанын кунун кармап кала алды", - дейт ал.

Отчёттон улам маалым болгондой, Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлгөндүктөн, 2015-жылы кошумча 53 штат бирдиги ачылып, жалпы чыгым 100 миллион сомго өстү. Муну Абдыгулов иштин татаалдашып жатканы менен түшүндүрдү.

Банктардан 40 миӊ долларга чейин насыя алган 2397 жеке жактын 34,8 миллион доллар өлчөмүндөгү доллардык насыясы 1 доллар – 62,14 сом курсу менен сомго которулду. Бул ишке 14 коммерциялык банк катышып, жалпы насыя өлчөмү 2,2 миллиард сомду түздү. Аларга курстук айырма үчүн бюджеттен 478 миллион сом төлөндү.

2015-жылы жеке жактардын депозиттик эсебине түшкөн каражат агымы өсүп, 14 миллиард 524 миллион сомду түздү. Ал эми депозиттик эсепте чогулган жалпы каражат 51 миллиард 567 миллион сомго жетти.

Салымдар боюнча пайыздык коюмдардын деӊгээли коммерциялык банктар тарабынан сунуш кылынган мөөнөттөр менен шарттарга жараша болот. Кыргыз мамлекетинде сомдогу депозиттердин пайыздык коюму чет өлкөлүк валютага караганда эки эсеге жогору: сом – 12,52 пайыз, чет өлкөлүк валюта – 6,53 пайыз.

2015-жылы 24 коммерциялык банк иш алып барып, кардарлардын саны 2 миллиондон ашканы, алардын 92 пайызын жеке жактардын депозиттик эсеби түзө турганы белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар улуттук акчаны жасай турган жайды куруу, кагаз акчадан пластик акчага өтүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын акча чыгаруу, сомдун кунун бекемдөө маселелерин көтөрдү. Ошондой эле Улуттук банктын дарегине сатып алуулар жаатында бир катар
сын-пикирлер айтылып, жабуудардын өз наркынан кыйла жогору баада сатылып алынып жатканы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
cico
2016-06-10 19:09:15
2397 жеке жак учун эмнеге бутжеттен акча толонуш крк. Болгондо дагы 478миллион сом бул кылмыш болуп калат. Буджет озу тартыш болуп жатса 2397 адамды деп эмнеге ошончо акча толонот
-2
Kyialbek.a
2016-06-10 19:30:41
cico,себеби 2397 адам алар кыргызстандын жарандары
0
kubat_73
2016-06-10 21:06:07
cico,Оой тушунсон боло тууганым 2397адамдын
банктан алган кредитинин бир долларга
болгон курсу 62.14сом менен толонот
деп атат азыркы 68сом менен эмееес
+1
MAKALAK
2016-06-10 21:24:02
cico,Буджетте акча бар да ошого толойт
0
aziziko
2016-06-10 21:49:44
cico, Себеби алар бизнесмендер байлар . Карапайым эл 40 мин доллар кредит алмак тугул 10 мин доллар ала алышпайт
+3
KyrgyzKagan
2016-06-10 23:09:55
aziziko,Туура айтасын калктын жакыр катмары 40мин сом насыя алыш учунда атан жакшы,энен жакшы деп атып аран алат. 40мин долларды байлар чиновниктер, депутаттар же алардын жакындары алып кайра эле бюджеттен карапайым калктын жоонунан кайыш тилип толотуп жатышат. 478млн сомго 500 жетимге 1 болмолуу уй алып берсе болмок. Туура эмес саясаттын айынан байлар байып, карапайым калктын турмушу оорлошуп жатат.
+3
kubat_73
2016-06-10 21:08:32
Ал эми жеке жак деген физическое лицо деген соз
0
begimai1989
2016-06-11 06:13:20
Пластик акча кандай?
Тушунушум боюнча КРда акча чыгарган жай ачкан аттабы?
Мындай болушу мумкун эмес го!
Эгер мен тушунгудой болсом анда акча чыгарган жай ачылса анда баягы эле чондордон ашпайт.
Ашканын карапайым калка процентке,кредитке беришет.
Баягы эле биз кыйналып келгенбиз дагы деле кыйнала беребиз акча чыгарган куну да.
Озубуздон акча чыккан куну да кызыксыз болот болуш керек.
Андан коро кен чыкса нефть чыкса кана акча эмес.
Байысак алтындан
0
Flared
2016-06-11 07:27:56
begimai1989,Акча чыгарып килограммын 1000 доллардан сатат экен бизге.Кандай ))
+1
badboy1111
2016-06-11 10:19:02
Эгерде акчаны жасай турган жерлерди курушса анда олкобуздо инфляция жогорулап акчанын баркы калбай калат, мына ошондо жакырчылык болот, экономиканы окугансынарбы урматтуулар, ойлонуп иш кылгыла, канчаны коп басып чыгарса олкодо ошончо инфляциянын проценти жогорулайт а бул олкону жакшы жака алып барбайт
+1
barakcha
2016-06-11 21:16:19
Акча чыгарчу цехке мени ишке алгылачы эч болбосо?))
0
keba300989
2016-06-13 12:03:15
barakcha,Менимче ал жөн эле курук сөзго тууганым, бундай сөздөрдү эми угуп жатасыңарбы депутатдардан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан