Орус бийлиги Ормон хандын элин Орусия империясынын курамына алуу үчүн болгон аракетин жасагандыгы ачык байкалган. Казактардын Чоң ордо приставы, майор Перемышльскийге жолдонгон катта кыргыз манабы Ормон Ниязбековго элчилик жасоо зарылчылыгы белгиленет. Керектүү жүктү ташуу үчүн казактардан жылкы жана төө сурап, Ормон ханды карай аттануу керектиги көрсөтүлөт. Капыстан келген көчтөн Ормон ханды сестендирбөө үчүн алдын ала кабар берип, кыргыз жергесине келер замат мыкты боз үйлөрдү тигүү туурасында сөз кылынат. Рапортто көрсөтүлгөндөй, Ормон ханга жашыл баркыттан тигилген чепкен жаап, ар бири беш жарым аршинден турган кездеме, күмүштөн жасалган ашкана идиштерин, алтын саат жана башка белектерди берүүгө көрсөтмө берилет. Майор Перемышльскийге жолдонгон кат Омск шаарындагы корпустук башкы кеңсеге 1853-жылдын 13-июнунда келип түшкөн.