Бүгүн, 13-июнда Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Азыркы тапта ага 5 адам катышууда. Алар "Президент, майыптарды кабыл алыңыз!", "Майыптардын укугу корголсун, кордолбосун!", "Түрмөдө отурган, күнөөсүз камалган майыптар чыгарылсын!", "Дүлөйлөрдү, дудуктарды курал катары колдонгону үчүн Азиздер жана дүлөйлөр коомунун башчысы Калык Мамбетакунов жазага тартылсын!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат. Милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп жатышат.