Дастан Бекешев: "Мавлян Аскарбековдой активисттер дүлөй адамдарды мыйзамсыз иш-аракеттерге чакырышууда"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 13-июнда Ак үйдүн алдында болгон нааразычылык акция тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, азиздердин жана дүлөйлөрдүн көйгөйүнө эч кандай тиешеси жок активисттер митингчилерди мыйзамсыз иш-аракеттерге чакырышууда.

"Алардын арасында активист Мавлян Аскарбеков жүрдү. Маселени терең билбей эле кийлигишкени туура эмес. Балким, ал өзүнүн атын чыгарыш үчүн эле дүлөй адамдарды митингдерди уюштурууга чакырып жаткандыр", - деп сындады Бекешев.

"Бүгүнкү нааразычылык акциясына чыккандар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттен бөлүнгөн 225 батир мыйзамсыз берилгенин айтышууда. Алардын айтымдарында, батирлердин бири Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакуновдүн өкүл баласына берилген. Мен Мамбетакунов менен сүйлөшкөм. Ал батирлер маселесин чечип берем деген, бирок маселе чечиле элек. Мындан улам биз жумушчу топту түзүп, тергөө иштерин жүргүзөбүз. Жыйынтыгы бир айдан кийин чыкмакчы. Буга чейин ИИМ, прокуратура тергөө иштерин жүргүзгөн, бирок батирлер мыйзамсыз берилгенин тапкан эмес. Менин оюмча, укук коргоо органдары бул талаш-тартышта жаманатты болуп калбайын деп тергөөнү терең жүргүзгөн эмес", - деди депутат.

Эскерте кетсек, Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү аталган коомдун төрагасы Калык Мамбетакуновду "тааныш жана туугандарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын атынан үй алып алган" деп айыпташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
umut87
2016-06-13 14:04:46
бул иш туура чындыгында калык мырза кезеги келе элэктерден да пара талап кылып уй берген билишимче
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан