Күндүн ысышы өлкөдө ичеги ооруларынын күч алышына себепчи болгон микроорганизмдердин көбөйүшүнө шарт түзүп берет. Ичеги ооруларынын инфекциясы боюнча анализдин жыйынтыгына ылайык, оорунун көбөйүшү май-сентябрь айларына туура келет. Ал эми август айы оору көп катталган кызуу учур болуп эсептелинет. 2016-жылдын 4 айында 4592 жаран ичеги оорусу менен кайрылган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге көп. Ооругандардын 84,1 пайызын 14 жашка чейинки жаш балдар түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Оорунун негизги себептери жеке гигиенаны сактабоо, жуулбаган жашылча-жемиштерди колдонуу болуп саналат. Жакшы шарт түзүлгөн учурда ичеги ооруларын пайда кылчу инфекциялар жер кыртышында 18 айга чейин, сууда 5 ай жана керектелчү буюмдарда, оюнчуктарда көпкө чейин сакталат. Ошондой эле сүт азыктарында, эт фаршында, сууда инфекциялар көбөйөт. Оорунун алгачкы белгилери - алсыздык, баш оору, дене табынын көтөрүлүшү, кусуу жана ич оору, ич өтүү. Өз алдынча дарылануу ооруну өтүштүрүп жиберүүсү мүмкүн. Андыктан дароо дарыгерге көрүнүү зарыл.
Ичеги ооруларын алдын алуу үчүн:
1. Жеке гигиенаны сактоо;
2. Дааратканага барган сайын жана тамактанардын алдында колду самындап жуу;
3. Жашылча-жемиштерди жуугандан кийин колдонуу;
4. Чымын-чиркейлердин тамак-аш азыктарына конуусуна жол бербөө, аларды атайын дарылар менен жок кылуу;
5. Тез бузулчу азыктарды: сүт, каймак, сыр, быштак, салаттарды муздаткычта сактоо жана көчөдөн бат бузулчу азыктарды сатып албоо зарыл.