15-июндан 17-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен нөшөрлөгөн жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
"Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 16-17-июнда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 21… 26°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 14… 19°, бийик тоолуу райондордо 2° сууктан 3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.