Италиянын Мамояда шаарынын мэри Лучано Бароне жай мезгилинде мектеп окуучуларына үй тапшырмаларын аткарууга тыюу салган токтом кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Токтом 15 пункттан туруп, Мамояда шаарынын бардык окуу жайларына тиешелүү.
"Эс алууга бардык окуучулар милдеттүү. Бул учурда китеп окугула, жазгыла, бийлегиле, сейилдөөгө чыккыла, тасма көрүп, таңды тосуп алгыла", - деп билдирген Бароне.
Мэрдин айтымында, окуучулар ансыз деле окуу убагында ашыкча көп окушат. "Каникул убагында "өз жашоосунун жаратуучусу" болууга мүмкүндүк берүүгө эмне үчүн болбосун?" - дейт мэр.
Бароненин мындай жарлык чыгаруусуна 2015-жылы Фермо шаарындагы профессорлордун бири жогорудагыдай демилге менен студенттерге кайрылганы себеп болгон.