Азербайжан өлкөсүндө чачтарач искусствосу жана макияж боюнча Евразия чемпиондугу өткөрүлдү. Анда кыргыз өлкөсүнөн барышкан Светлана Кибарова жана Эльвира Кененбаева Евразия өлкөсүндөгү мыкты стилисттердин ондугуна киришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 13-июнда модель Жамиля Ишенбаева билдирди.
Аталган чемпиондукка Азербайжан, Орусия, Улуу Британия, Венгрия, Молдова, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Непал, Грузия жана Бириккен Араб Эмираттарынан барган өкүлдөр катышышкан.
"Мен ал жакка модель же калыс катары эмес, кыргыз өлкөсүнөн барган топко колдоо көрсөтүү үчүн барып келдим. Бакудагы Евразия чемпиондугу жогорку деңгээлде уюштурулуптур, аябай жакшы өттү. Көптөгөн мамлекеттен стилисттер, визажисттер келишип, өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Ал эми кыргыз өлкөсүнөн барган стилисттер Светлана Кибарова жана Эльвира Кененбаева Евразия өлкөсүндөгү мыкты стилисттердин ондугуна киришти", - деп билдирди Ж.Ишенбаева.