12-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунда Түркия курамасы менен Хорватия беттешкен. Оюндун 69-мүнөтүндө Түркиянын курамында алмашуу болуп, 18 жаштагы
Емре Мор майданга чыккан. Оюн аягына чейин ал бир топ аракеттерди көргөнү менен, эсепти теңей алган жок. Жыйынтыгында
Лука Модрич киргизген жалгыз гол оюн тагдырын чечип,
хорватиялыктар жеңишке жетишти.
18 жаштагы футболчу беттештен кийин кумири менен сүрөткө түшүү үчүн күтүүгө мажбур болду. Модрич журналисттердин суроолоруна жооп берген соң гана жаш футболчуга убакыт тапты. Экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтү талкуу жаратып, айрымдарды жылмайтты.