Түркия - Хорватия - 0:1
Гол: Лука Модрич (41-мүнөттө)
Футбол боюнча Европа чемпиондугунда 1-тур оюндары ойнолууда. Франциянын Париж шаарында "D" тайпасында Түркия курамасы менен Хорватия кез келди. "Парк де Пренс" стадионундагы беттеште хорватиялыктар алгачкы мүнөттөрдөн тарта активдүү ойноп башташты. Албетте, бул Түркия ойногон жок дегенге жатпайт, себеби Түркия каршы чабуулда ойноп, көбүнчө атаандаштын чабуулун токтотуу менен алек болду.
Беттештеги жалгыз голду оюндун 41-мүнөтүндө Лука Модрич киргизди. "Реал" футболдук клубунун жылдызы мелдештеги кооз голдордун бирин киргизип, командасына маанилүү болгон 3 упайды алып келди.