Кыргыз мигрантынын кулчулукка кабылганын тактай бетине жазып, жардам сурап кайрылганы тамаша экени аныкталды

Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигрантынын кулчулукка кабылганын тактай бетине жазып, жардам сурап кайрылганы тамаша экени аныкталды. Бул тууралуу 13-июнда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин тактай бетине жазылган "кулчулука кабылдым, жардам бергиле, акчам жок, кул болуп жүрөм" деген жазуу интернеттеги социалдык тармактарда жарыяланып, чоң талкуу жаратып келген. Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев тарабынан такталып, жөнсүз тамаша экени белгилүү болду.

"Тактага аты жазылган Турдубек Кубанычбековдун достору курулуш тактасына "кулчулукка кабылдым, жардам бергиле" деп жазып, Томск шаарынын уюлдук байланыш номеринин кодун жазып койгон. Ал тактай курулуш материалын саткан унаалар аркылуу Кыргыз Республикасынын базарына алынып келингени белгилүү болгон. Иликтөө иштеринин алкагында тамашага салган балдар табылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tansuluu09
2016-06-13 18:16:16
Атын чыкпаса жер ортто болуптурго
+3
Nur-Aman
2016-06-13 18:32:04
ХХХ экенго. Кийин ушунтип биро жарым чындыкга кабылса, тамашалап атат деп издешпей койсун...
+17
admin_portal
2016-06-14 11:27:20
Nur-Aman, этика нормаларын сактаңыз!
0
nur123456
2016-06-13 19:03:57
Ойносонда ойлоп жаз! Андай нерсени жазыш эмес ойлогондон алыс болуш керек.
+1
AiBoru
2016-06-13 19:23:39
Мумкун кожоюн тараптан кысым, коркутуулар болуп, тамашалап койдук деген чыгар
+9
daniyar84
2016-06-13 19:55:06
Ойноп суйлосон да,ойлоп суйло деп бекеринен айтылган эмес.
-1
saribaeva
2016-06-13 20:49:49
Ой тообо
-1
shamilaisan
2016-06-13 21:02:53
Мына сага тамаша
-1
Mahabbat
2016-06-13 22:45:33
Башы жоктор десе!
-2
Мэри
2016-06-14 00:05:39
Бир жомок эске түштү: Бир бала алдамчы болуп чоңоёт экен, канча акыл айтышса да кулак салбайт. Күндөрдүн биринде ал бүт айыл элин жардамга чакырып, "Карышкыр! Карышкыр!" деп кыйкырат. Эл жардамга барса эч кандай карышкыр жок. Экинчи жолу да ушинтип алдайт, үчүнчүсүндө чындап карышкыр келет, дагы жардамга элди чакырса, "баягы калпынын бири" деп эч ким барбай коёт...
+3
Мэри
2016-06-14 00:11:28
Эми тамашага салса да жакшы нерсени айтып тамашаласа жакшы да, кулчулуктун бетин ары кылсын... Мысли материализуются деп коюшат го, ошондуктан жалаң гана позитивдүү ойлорду ойлоп жүрүш керек экен...
+1
admin_portal
2016-06-14 11:30:38
baxa-93, chingizhan01, Mahabbat, этика нормаларын сактаңыз!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан