Бүгүн, 13-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаарда курулуп жаткан бир катар социалдык объектилердин курулуштарын текшерип чыкты. Алгач Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү жаңы көпүрөнүн долбоорун карап чыгып, жеринен көрдү. Ошондой эле Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан бокс жана оор атлетика спорт мектебинин жатаканасы менен ашканасынын курулушу менен таанышты. Аны менен катар Курманжан датка аймактык кеңеши менен Туран аймагын бириктирген көпүрөнүн курулушун текшерди.
Айтмамат Кадырбаев шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө мэрия тараптан бардык
күч-аракеттер жумшалып жатканын билдирди.
"Акыркы эки жылда калаабызда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Навои көпүрөсүнөн үнөмдөлгөн акча каражатына эки жаңы күпүрө куруп жатабыз. Алардын бири Курманжан датка аймактык кеңеши менен Туран аймагын бириктирген көпүрө. Анын жалпы сметалык баасы 73,0 миллион сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 миллион сомду түзүп, курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акчага, шаардагы борбордук стадиондун аймагында Сай-Бою көчөсү менен Тилеке баатыр көчөсүн бириктирген дагы бир чоң көпүрө курулат. Долбоору иштелип чыкты, бир айдын ичинде курулуш иштери башталат. Аны менен катар 3 мектеп, эки бала бакчанын курулушунун үстүндө иш жүрүп жатат. Бул курулуштар аяктаса, мектеп окуучуларына, наристелерге, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Биздин максат - курулуштарга тендерлерди өткөрүү менен акча каражатын үнөмдөп, сапаттуу бүтүрүү, каражатты туура пайдалануу”, - деп билдирди А.Кадырбаев.
Спорт интернаты ашканасы менен биригип жалпы аянты 2021 чарчы метрди түзүп, тендердик суммасы 18 миллион 900 миң сом болду. Жатаканада 16 уктоочу, 1 эс алуучу, 1 даярдануучу, 1 тарбиячынын бөлмөсү, жуунуучу жайлары дааратканалары менен камтылган. Курулуш иштерин 2016-жылдын III кварталына бүткөрүү пландалууда.
Ошондой эле Озгур айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушун көрүп кайтты. Эки кабаттуу бала бакча аз убакыттын ичинде шаардыктарга тапшырылат. Тендердик баасы 24 945,7 миң сом. 1-июнга карата 23 779,9 миң сомдук курулуш иштери аткарылган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.