Сузак жана Кадамжайда селден жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын өкмөт лагерде эс алдырат

Сузак жана Кадамжай райондорунда селден жана жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын өкмөт лагерлерде эс алдырат. Маалыматты 14-июнда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга жыл сайын бюджеттен бөлүнүүчү акчанын эсебинен 65 бала өлкөнүн балдар лагерлеринде эс алмакчы.

Белгилей кетсек, быйыл жазында Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун, Баткен облусундагы Кадамжай районунун бир катар айылдары табият кырсыгынан жапа чегишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан