Өлкөдө автоунаалардын жүк салмагын ченөөчү 17 жай иштеп жатат

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында автоунаалардын жүк салмагын ченөөчү 17 жай иштеп жатат. Алардын санын 35ке чейин жеткирүү керек, бирок акча тартыштыгынан улам азырынча аларды ачууга мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров билдирди.

Министрдин айтымында, азыр 5 ыкчам көзөмөл тобу автоунаалардын жүк салмагын ченөөчү жайлардын ишин көзөмөлгө алууда. 2015-жылы мындай жайлардан бюджетке 88 миллион сом түшкөн же 2014-жылга салыштырмалуу 19 миллион сомго көбөйгөн. Ал эми 2016-жылдын 5 айында 42 миллион сом жыйналды, акчанын бир бөлүгү жалпы пайдалануудагы жолдорду оңдоого жумшалмакчы.

Автоунаалардын жүк салмагын көзөмөлдөө департаментинин башчысы Эмилбек Таштаналиев коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартуу максатында көзөмөл кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга көбөйтүлүп, алардын ишине көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
badboy1111
2016-06-14 13:15:13
Олко боюнча 17 дейсинерби, адашпаса Оштон Сулуктуго жеткенге чейин эле 17 ден копко. кызык жанылык экен, жее государственный 17 би, анда калганы кимдин бизнеси?
0
Erka_kg
2016-06-14 16:25:31
Биздин районго да курулса жакшы болмок максимум 10 тонна гана өтсүн деген знак коюлган жерлер бар а кен-байлык ташыган камаздардын бирөөсүнүн эле салмагы 42 тонна а андай камаздан күнүнө сан жеткиз камаз өтүп жатат
0
Kroxa
2016-06-15 22:28:33
Бизнесмендер кобойтуп пайдасын коруп жатышат го,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан