200 мектеп окуучусу жайкы эс алууну Кытайда өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул демилге Кытай тарапка таандык. 3 айлык каникулдун 1-10-август аралыгындагы бөлүгүн 14-18 жаш курагындагы 200 окуучу Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөрөт. Окуучулар тобун жетектеп бара турган мектеп мугалимдери министрлик тарабынан каралып, тандалып алынат. Ал эми сапарга чыга турган окуучуларды тандоодо алардын анкетасы, жетишкендиктери, сертификат, дипломдору каралат.