Май айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 321,7 миллион кВт-саат электр энергиясы келип түшкөн. Компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 378,1 миллион сомду түзүп, анын 434,4 миллион сому чогултулду (114,9 пайыз).
Аталган ишканадан кабарлашкандай, май айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 135 пайызды, өндүрүштүк объектилерден 98,5 пайызды, бюджеттик уюмдардан 117,8 пайызды, айыл чарба объектилеринен 107,2 пайызды жана башка керектөөчүлөрдөн 97,8 пайызды түздү.
Бөлүштүрүү компаниясы тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:
- Бишкекте төлөм чогултуу - 109,4 пайыз;
- Чүй облусунда - 120 пайыз;
- Талас облусунда – 126 пайыз.
Май айынын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 11,71 пайызды түздү.