ЖЫЛНААМА, 14-ИЮНЬ: 74 жыл мурун телеэкрандарда "Бэмби" мультфильми көрсөтүлө баштаган

74 жыл мурун, 1942-жылы 14-июнда АКШда Уолт Диснейдин "Бэмби" мультфильми телеэкранга чыккан. Мультфильмди тартуу иштери 1935-жылы башталганы белгилүү.
"Бэмби" "Оскар" сыйлыгына үч номинация боюнча ("Мыкты ыр", "Мыкты үн" жана "Мыкты музыка") көрсөтүлүп, байгеге илинген эмес. Абройлуу сыйлыктардан 1948-жылы "Алтын глобуска" татыган.
“Бэмби” мульттасмасы - австриялык журналист Феликс Зальтендин ушундай эле аталыштагы эмгегинин экрандаштырылган чыгармасы. 1923-жылы Альпы тоолоруна саякат учурунда ал бир чаарчыкты көрөт. Колунан тамак жеп жүргөн чаарчыкты бир күнү мергенчилер атып өлтүрүшөт. Адамдардын таш боордугуна кейиген Зальтен “Бэмбини” жараткан.
1933-жылы “Бэмби” деген китепти окуп, аны тасмага айлантуу үчүн автордук укукту Сидней Франклин сатып алган. Алгач ал кадимки тасма тарткысы келген. Бирок салттуу тасма менен окуяны ийине жеткире бере албасын сезип, 1935-жылы “Уолт Дисней” студиясына анимациялык тасма тартуу сунушун киргизген. Тасманын сүрөттөрүн Тайрус Вонг тарткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tansuluu09
2016-06-14 12:18:02
Соонун мультфильм кайра кайра корсон дагы тажабайсын. )
+1
ishikylsa
2016-06-14 14:20:44
Абдан сонун тартылган мультфильм
0
Nurdash
2016-06-15 09:42:16
Бизде азыркыга чейин мындай сапаттагы мультик тер чыга элек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан