Депутат Салмак жана габарит көзөмөлдөө департаментинин жумуштан четтетилген 100дөй кызматкеринин бири да пара менен кармалбаганына таң калды

18 айдын ичинде Салмак жана габарит көзөмөлдөө департаментинин 100гө жакын кызматкери жумуштан четтетилген. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында аталган департаменттин башчысы Эмилбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтымында, жумуштан четтетилгендердин баары эмгек келишиминдеги милдеттерди аткарбаган же тартипти бузган деп айыпталган, бирок бири да коррупция же пара алуу боюнча айыпталган эмес.

Буга депутат Бактыбек Сыдыков таң калды. "Салмак жана габарит көзөмөлдөө департаменти коррупцияланган экени белгилүү. Коррупциянын айынан жолдорубуз начар абалда. Адамдар аталган департаментке жумушка орношуп, параларды алып байып, жумуштан кетип, жазага тартылбайт экен да", - деп нааразы болду депутат.

Э.Таштаналиев Салмак жана габарит көзөмөлдөө департаментинде коррупцияны жоюу үчүн кызматкерлердин айлыктары 50 пайызга көтөрүлгөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2016-06-14 14:26:33
Кыйратыпсынар!! Накта коррупционердин айлыгын кобойтуп . Антпесенер параларын болушпой ататко чамасы..
+1
Arslan12
2016-06-14 14:38:09
Буларда жоопкерчилик болобу, урматтуу депутатыбыз тан калбай жоопкерчилике тартыш керек, силердин колунардан келбесе тан калып коюп отура бергиле дагы 5жыл, элди тан калтырып!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан