17-июндан 28-июлга чейин ата-энесиз калган балдар Америка Кошмо Штаттарына барышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"АКШга 4 жаштан 14 жашка чейинки 40 бала жана 6 коштоочу кызматкер барат. Алар Түндүк Каролина, Калифорния, Нью-Йорк, Техас, Кентукки, Виржиния штаттарындагы үй-бүлөлөрдө жашашат. Ар бир үй-бүлө атайын тандоолордон өтүп, балдарды тосууга даярдыктарды көрүштү. Ар бир баланын каалоосу эсепке алынып үй-бүлөлөргө жайгаштырылышат. Ал маалда балдар медициналык текшерүүдөн өтүп, дарылана алышат", - деп билдиришти мэриядан.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында балдар жаңы шаар менен таанышып, зоопаркка, океанга, сейил бактарга барып турушат. Андан тышкары чет тилде сүйлөөнү үйрөнө алышат. Балдарды кабыл алуучу үй-бүлөлөр өздөрү тууралуу кыскача баяндап, сүрөт менен чакыруу жөнөтүп жиберишкен.
Буга чейин 2015-жылдын 7-декабрынан 8-февралына чейин АКШга 12 ата-энеси жок бала жиберилип, кайра ийгиликтүү кайткан.