Сауд өнүктүрүү фонду Бишкектеги Медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү үчүн 30 миллион доллар берет

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 14-июндагы жыйынында “Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык макулдашуу долбоорун жактырды.

Келишимге ылайык, аталган фонд "Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү” долбоорунун алкагында 25 жылдык мөөнөт жана 1 пайыздык үстөгү менен 30 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nasyrkg
2016-06-15 10:07:13
Кайран акча бат эле ордун табышат 25 жылдан кийин келечек толоп берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан