"Банктан насыя алгандардын жашоосу жакшы же терс жакка өзгөргөнү боюнча статистика керек". Мындай сунушту бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Бекешев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон насыя алуучулардын саны тууралуу сурады. Абдыгуловдун айтымында, 2015-жылдын соңуна карата өлкөдө 288 700 адам жалпысынан 94 миллиард сомго насыя алган.
Андан соң Д.Бекешев насыя алуучулардын карызды бере албаган учурларын изилдөө керектигин айтты. "Насыялар кандай жыйынтык алып келгенин караш керек. Канча ишкана курулганы, канча жумуш оруну түзүлгөнү, канча үй-бүлө үйлүү болгону тууралуу статистика жүргүзүш керек", - деп сунуштады депутат.