Ош шаарында жол белгилери жуулуп, таштанды челектери дары чачылып тазаланды

Ош шаарында "Тазалык" ишканасынын жумушчулары жол белгилерин жуушту. Бул тууралуу "Ош Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан Динара Касымова билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардагы Абсамат Масалиев, Исакбек Монуев атындагы борбордук көчөлөргө коюлган жол белгилери жуулду.

"Шаардагы таштанды үкөктөрүнө дары чачылып, залалсыздандырылды. Жугуштуу илдеттерди ташуучу курт-кумурска, чымын-чиркейлерден арылтуу иш-аракеттери көрүлдү. Учурда таштанды таштоочу жерлерде санитардык абал жакшы. Бүгүнкү күндө шаар ичине 138 таштанды челек, 906 кичинекей урна коюлган", - деп кошумчалады Касымова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
oma16.02.95
2016-06-14 17:48:00
Баары аялдар го))
+2
ekaterinburg
2016-06-14 18:02:27
Сен таза болсон,мен таза болсом-коом таза болот!
0
ulan_bek
2016-06-14 18:08:34
Оркундой бер Ордолуу Ош шаарым)
0
Azizbek.kg8
2016-06-14 19:11:12
Байкуштар кол менен жууп журушот,россичда болсо техника жууйт.
+1
suymon
2016-06-15 18:43:52
Окунучтуу кол менен жууп тазалаганы.рахмат айталы жууп тазалаган еже агаларга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан