Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын Маалымат берүү борбору чет өлкөгө мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу тууралуу жарандарга маалымат берүү максатында жумуш орундар жарманкесин өткөрдү. Бул жарманкеде коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу баяндалды.
Жарманкеде Кыргыз Республикасынын Миграция кызматынан кыргыз жарандарын чет өлкөгө жумушка орноштурууга уруксат алган 29 жеке агенттик катышты. Жарманкенин алкагында "Чет өлкөгө жумушка орношуу: кечээ, бүгүн, перспективалар" аттуу тегерек столдо жумушка орношуу жана миграциянын актуалдуу маселелери каралды.
Учурда Маалымат берүү борбору Орусия, Казакстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарына 2500дөн ашуун бош жумуш оруну бар экенин маалымдады.