SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жолдошумдун көңүлүн кантип табам?" деген тема талкууга алынды.
Теманы ачкан автордун жазган билдирүүсү:
"Атым - Элмира, Таластын жашоочусу болом. Ата-энем мен кичинекей кезде ажырашып кетиптир, жалгыз кызмын. Апам мен 5 жашка чыкканда турмушка чыкты, 4 баласы бар. Мен Таластан окуумду бүтүрдүм, апам тигүүчү болуп иштеп, акча жыйнап берди. Жогорку окуу жайга тапшырып окуп баштадым. Ал жактан Эмир аттуу бала менен тааныштым. Башында жакшы сүйлөшүп, сүйүүсүн арнап, белектерди берип жүрдү. 1 жыл сүйлөштүк, анан баш кошууну сунуштады, үйдөгүлөр менен кеңешип, 2 айдан кийин тоюбуз болду. Кайненем башында каршы болуптур, "Атасы жок немени алба, керек эмес. Мен сага башка кыз таап койгом" дегенине карабай мага үйлөнгөн экен. Келин болуп келген күнү эле кайненем "тур, дасторкондорду жуу, тойдо кир болуптур" деп чоң дасторкондорун жуудуруп, үйлөрүн жыйнатты. Кир жууп жатсам "баламдын башын айлантып тийип алдың, көргүлүктү эми көрөсүң" деп кирип кетти. Эмирге айтсам "мен эмне кылайын, жылдызың келишсе сүйлөш, келишпесе кете бер" дегенде аябай жаман болуп кеттим. Мындай кылыктары бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Анысы аз келгенсип, мени сабаганды да үйрөнүп алды. Башка кыз-келиндерге барып жатканын да билип калдым. Азыр экөөбүздүн ортобузда кызыбыз бар, бир канча күн мурда "апам айткан кызды экинчи аял кылып алып келем" деди. Мен кетип калайын десем ата-энемдин үйүнө батпайм. Ал жакта атам 4 баласы, алардын келинчектери, балдары менен жашашат. Эмне кылсам болот?"
Темага жазылган билдирүүлөр:
"Атасы жок кыз дагы басмырланып калган заманбы? Абалыңыз өтө оор экен. Чыдап жашайын деген ойдо окшойсуз, "Көңүлүн кантип алам?" дегениңизге караганда. Биринчиден, өзүңүздү колго алыңыз, мүңкүрөп байкуш көрүнбөңүз. Канчалык башты жерге салсаңыз, ошончолук үстүңүздөн басарын унутпаңыз".
"Кызыңызды өзүңүздүн апаӊызга 2-3 айга бере туруӊуз. Ыйлап-сыктап бага турар. Бул убакыттын ичинде ишке орношуп, тирденип калганда кызыӊызды алып, бала бакчага берип коёрсуз. Албетте, бул кадамды жасаш сиз үчүн оор болор, кантсе да сиздин жашооӊуз, биз билбеген жагдайлар көптүр. Жети өлчөп, бир кесиңиз".
"Эже, сизге ошондой жашоо керекпи? Андан көрө ажырашып эле кетиӊизчи... Ооба, атаӊыздын үйүнө барып жашайсыз, апаӊыздын цехинде иштейсиз. Жашооӊуз тынч болот. Сизди башынан эле жактырышпаптыр, эми жактырып калат беле? Андан көрө ажырашыӊыз. Атаӊыздын үйүндө анчалык кордобосо керек сизди".
"Эч качан алардын алдында басмырланбай, өзүнө жараша мамиле кыл. Жоош болгон сайын башыңа чай кайнатышат. Өзүӊдү колго ал, кызыӊдын бактысы үчүн күрөшүп жашашыӊ керек. Ал да атасыз өспөсүн. Кайненеӊдин акылы кемирээк окшойт. Баласын "жакшы ата, жакшы жар бол" деп тарбиялабайбы? Сага айтарым, өзүңдү кара, тыӊ бол . Алардын ою менен болом десеӊ, кызың менен талаада каласыӊ".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.