Өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы 1994-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Так ушул күнү 1926-жылы Фрунзе шаардык кеңешинин чечими менен эң алгачкы Өрт өчүрүү кызматы Фрунзе шаарында түзүлгөн. Бул топ 9 кишиден туруп, аларда унаа катары 4 ат араба, 1 автоунаа болгон.