Өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны өсүүдө

2016-жылдын май айынын жыйынтыгы менен өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны 58,6 миң адамды түздү, бул 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,1 пайызга көп. Каржы министрлигинин билдиришинче, 2015-жылдын 5 айында жумушсуздардын саны мурунку жылга салыштырмалуу 1,6 пайызга азайган.

Орточо айлык акынын реалдуу өсүшү 2016-жылдын январь-апрелинде 11,6 пайызды түздү, учурда суммасы 13 588 сом. Ал эми тышкы соода жүгүртүү 2016-жылдын январь-апрелинде 1,5 миллиард долларды түзүп, 2015-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 14,6 пайызга азайды, анын ичинде экспорт 348,4 миллион долларды, импорт 1 миллиард 187,6 миллион долларды түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_S
2016-06-15 08:56:34
Эң аз айлык алган жаш врачтар болсо керек. 1.0 ставка 5000 сом.
Жумушсуздук эле эмес , жакында адистер да жетишпесе керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан