Нарын облусунун Ат-Башы районунда 14-июнь күнү саат 18:30дан 22:30га чейин тынымсыз жааган катуу жамгырдын жана тоодон агып келген суулардын кесепетинен райондун айыл аймактарында кооптуу абал жаралганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анын кесепетинен Баш-Кайыңды айылынын түштүк тарабындагы Кайыңды суусунда жайгашкан, Баш-Кайыңды айыл аймагынын балансындагы жайыт жерлерди, мүрзөлөрдү жана сарайларды байланыштырган ички көпүрөнү толугу менен суу алып кеткен.
Баш-Кайыңды айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы Кайыңды суусунун жээгиндеги 600 метрлик дамбанын башындагы 50 метрге чукул жер суу алып кетүү коркунучунда турат. Ал болжолдуу түрдө 50-60 турак жайга коркунуч келтирет. Ошондой эле Кайыңды суусундагы №20-Жол тейлөө ишканасынын балансындагы көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу жаралган. Мындан тышкары Ат-Башы-Босого унаа каттамындагы 20-чакырымынан 38-чакырымына чейинки аймактардын 12 жеринен суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.
Баш-Кайыңды айылынын түштүк тарабындагы дамбаны тосуу жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында айыл тургундарынан 20 ыктыярдуу куткаруучу тартылып, каптарга кум, шагылдарды толтуруп, кооптуу жерлерге тизишүүдө. Суунун агымы чоң болгондуктан, тизилген каптарды суу агызып кетип жатат.
№20-Жол тейлөө ишканасынын балансындагы Кайыңды суусундагы көпүрөнү сактап калуу максатында айылдык ыктыярдуу куткаруучу топтордон 45 адам тартылып, 100 даана кап берилип, каптарга
кум-шагылдар толтурулуп, коркунуч жараткан жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Казыбек айыл аймагындагы Казыбек-Жаңы-Күч айылдарын байланыштырган Чекенди сайындагы көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу пайда болгон.
Баш-Келтебек каналындагы суунун деңгээли жогорулап, натыйжада болжолдуу 50-60ка жакын айдоо аянтын каптап кетүү коркунучу пайда болгон. Чекенди сайындагы көпүрөнү сактап калуу максатында райондук №957-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 Хово, 1 экскаватор тартылып, алдын алуу
иш-чараларын жүргүзүүдө. Ошондой эле Баш-Келтебек каналынын суусунун нугун буруу иштерине Суу пайдалануучулар ассоциациясынан 8 адам тартылып, жумуш улантылууда.
Талды-Суу айыл аймагындагы Талды-Суу айылынын Жарык-Таш суусунун деңгээли көтөрүлүп, ички көпүрөнү алып кетүү коркунучу жаралган. Аталган аймакты көзөмөлдөө жана жарандардын сууга түшүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында айылдын ыктыярдуу куткаруучулар тобунан 3 жаран нөөмөткө коюлду.
Ат-Башы айыл аймагындагы Ат-Башы айылында Ат-Башы суусунун жээгиндеги дамбаны көзөмөлдөө жана жарандардын сууга түшүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында айылдык ыктыярдуу куткаруучулар тобунан 4 адам нөөмөткө коюлду. Ат-Башы дарыясынын жогорку ченеми секундасына 266 метр куб болсо, азыркы учурда суунун чыгымы болжолдуу секундасына 170 метр кубду түзүүдө.
Дарыялардагы жана ички каналдардагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүүсүнөн улам турак жайларга, унаа каттамдарына жана айыл чарба аянттарына коркунуч келтирилүүдө. Райондук жарандык коргонуу комиссиялары координациялоо жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.