Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болду

14-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

"Зал толо көрүүчүлөр келген өнөрпоздордун концерти Түркмөнстандын маданият министри Аннагелди Гараджаев жана министрликтин статс-катчысы Бактыбек Секимовдун куттуктоо сөзү менен башталды", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, концертке Түркмөнстандагы бардык элчилер жана жергиликтүү жашоочулар күбө болуп, кызуу колдошту. Концерттин соңунда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кыргызбай Осмоновдун аткаруусунда кыргыз-түркмөн достугун даңазалап жазылган жаңы чыгарма жаңырды. Эл достугуна арналган бул ырдын сөзүн акын Бактыгүл Чотурова, ал эми обонун Сардарбек Жумалиев жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан