Өзбекстан 15-июндан 25-июнга чейин чек арасын жаап, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын жарандарын жана унааларды өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салды. Ал эми убактылуу чектөө Кара-Суу районундагы Барак эксклавынын тургундарына тиешеси жок. Ал аймакта жашагандар Өзбекстандын аймагына мурдагыдай эле тартипте кире алышат. 23-24-июнь күндөрү Ташкентте ШКУнун жыйыны өтөт.