Кыргыз өлкөсү боюнча өрт өчүрүүчүлөрдү бир гана окуу жай даярдайт

Бүгүн, 15-июнь - Кыргыз Республикасында Өрт өчүрүүчүлөр күнү. Буга байланыштуу бул тармакта иштегендер үчүн концерттик программалар уюштурулуп, айрымдары сыйланышты. Өлкө боюнча 3 миңдей өрт өчүрүүчү иштейт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бул кызматка адистерди өлкө боюнча бир гана окуу жай даярдайт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы офицердик курамды бирдиктүү даярдоо келишиминин негизинде 1998-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде өрт коопсуздугу кафедрасы негизделген.

"Жыл сайын бул адистикке болжол менен 30-40 бүтүрүүчү ээ болот. Окууну бүткөн соң Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги аркылуу адистердин 60-70 пайызы жумушка орношот", - дейт аталган окуу жайдын кызматкери Нурбек Болжуров.

Ал эми Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинен учурда бул тармакта бош орундар жок экенин кабарлашты.

"Жумушка бүтүрүүчүлөрдү алып жатканда биринчи кезекте анын жана туугандарынын соттолбогонун карайбыз. Экинчи кезекте аскердик наамы каралат. Туугандарынын бири же өзү соттолгон болсо, аскердик наамы жок болсо жумушка алынбайт", - деди агенттиктин кызматкери.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн эң жашы 43 жашында, улуусу 53 жашында пенсияга чыгары маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан