Укук коргоочулар президент Алмазбек Атамбаевди айыптаган соттук отурум кийинкиге жылдырылды

Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулованын президент Алмазбек Атамбаевди айыптаган иши бүгүн Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда каралды. Отурум учурунда Исмаилова чечимди кабыл алууну кийинкиге жылдырууну суранды. "Президенттин менин дарегиме айткан шылдыңдоолорунан кийин жүрөгүм ооруп жатат. Ошондуктан соттон чечим кабыл алууну 2-3 күнгө жылдырууну өтүнөм", - деди укук коргоочу. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, отурумду 16-июнга жылдырды.

Исмаилова президенттин анын дарегине айткан сөзүнөн улам үй-бүлөсү жабыркаганын айтып, 10 миллион сом моралдык чыгым төлөп берүүсүн талап кылды.

Эскерте кетсек, 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо аземи өткөн. Анда президент "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" делген адамдарды катуу сынга алган. Өз кезегинде өлкө башчы Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованы сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rashinboy
2016-06-15 14:55:48
Слишком жирный эмеспи 10 миллион сом.
0
nur123456
2016-06-15 15:49:07
Соттор атам байга жакшы корунуш учун колунан келишинче аракет кылат
0
nargis
2016-06-15 17:06:03
Эмне эле болуп жатат бири сотошот бири мандатын тапшырат ,баарибир саясаттын элге пайдасы жок андан коро ушул тынч жашообуз уланаберсинчи ,10 000000 ду элге берсин ,тын бололу ...
0
munduz2016
2016-06-15 23:02:26
10эле миллионго баалаппы озунун авторитетин,кызык:)
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан