Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Рим Папасы Франциск менен жолугушту. Жолугушууда алар кол кармашып, Рим Папасы кыргыз элине гүлдөп-өсүүнү жана тынчтык каалады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 15-июнда кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушуу жыл сайын өтүүчү БУУнун XXI Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Аткаруу кеңешинин сессиясынын алкагында өткөн. Анда Рим Папасы БУУга кирген мамлекеттерди ачкачылыкка каршы турууга чакырды. Ошондой эле ал "маалыматтык ашыкча жүккө" көңүл бурду.
"Адамдар жакырчылыкты сезбес болуп калышты, башка адамдардын кайгысына иммунитет жогорулап жатат. Бизди сыздатчу сүрөттөргө көмүлгөнүбүз менен, аларга көңүл бурбайбыз. Биз ыйды укканыбыз менен, ыңгайсыз абалда калып жаткан жокпуз. Биз суусагандарды көрүп жатабыз, бирок алардын суусунун кандырууга аракет кылган жокпуз. Адам жандары статистикалык маалымат болуп калды, адамдардын кайгысын эске албай калдык", - деди Рим Папасы.
Министрликтин берген маалыматы боюнча, учурда кыргыз жергесинде Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 330 миң аз камсыз жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча долбоор ишке ашырылып жатат.