3374 адамга мунапыс жарыялоо демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште "1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул мыйзам кабыл алынып калса, 3374 адамга мунапыс жарыяланат. Анын ичинде эрезеге жете элек 11 бала болсо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адам бар. 1267 адам - анчалык оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор, 1862 адам - биринчи жолу анчалык оор эмес кылмыш жасагандар. Ал эми оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата мунапыс колдонулбайт.

Талкуу жүрүшүндө мыйзам долбоорунун ченемдерин дагы бир ирет кылдат карап чыгып, экинчи окуунун жүрүшүндө тиешелүү оңдоолорду киргизүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуштары эске алынуу менен мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, 25 жыл аралыгында 19 мунапыс кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alixan-Nookat.2015
2016-06-15 18:24:37
Бирок кайра эле ошол адамдар кылмыш жасайт бир отоло чыгарбай моонотун кыскартса болмок
0
Futuro
2016-06-15 21:37:21
Мунапыс денег эмне?
0
E.TARZAN
2016-06-17 10:31:47
Futuro,Амнисития деген сөз.
0
admin_portal
2016-06-16 09:22:23
jetinur90, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир же сунуштарыңыз болсо, admin@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.
0
E.TARZAN
2016-06-17 10:32:51
Амнистия берилсе жакшы болмок, абактагыларга кыйла жеңил болмок да. Колдойм баракелде!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан