Улгайган адамдарга жасалган зордук-зомбулукка коомдун көңүлүн буруу үчүн акция уюштурулду (фоторепортаж)

15-июнда Улгайган адамдарга карата болгон зордук-зомбулук тууралуу маалыматты жайылтуунун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде атайын акция уюштурулду. "Чоң ата, чоң энелерге сүйүү, камкордук тартуулайбыз" аталышындагы иш-чаранын максаты - коомчулуктун улгайган адамдарга жасалган зордук-зомбулукка көңүлүн буруу.

Иш-чарада карыларга көрсөтүлгөн зомбулуктар сахналаштырылган көрүнүш аркылуу чагылдырылды. Андан соң "Зомбулуксуз дүйнө карылардын көзү менен" аталышындагы сүрөт сынагы жыйынтыкталып, катышуучуларга белектер тапшырылды. Ошондой күлкү жаратуучулар тобу келген конокторго мыкты маанай тартуулап, чакан концерт тартууланды.

Уюштуруучулардын бири Айсулуу Камчыбекова иш-чара тууралуу буларга токтолду:

"Учурда коомдо карыларга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук жабык көйгөй деп эсептелинет, себеби мындай мамилеге кабылган карылар өздөрү бул тууралуу айткылары келбейт. Андыктан бүгүнкү позитивдүү иш-чарада театрлаштырылган көрүнүш зомбулуктун кандай түрү болду, ушундай көйгөй болсо кимге кайрылса болот деген суроолордун алкагында катышуучулар бири-бири менен баарлашып, талкуулашат.

Ошондой эле карылардын укугун коргоо боюнча конвенцияны кабыл алуу убагы келди деп ойлойбуз. Өлкөбүздөгү карыларга татыктуу, коопсуз, зордук-зомбулуксуз жашоо түзүү үчүн, алардын укуктарын коргоо максатында мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн азыр тиешелүү документтерди чогултуп жатабыз. Жогорку Кеңешке бул тууралуу да кат жолдодук. Буюрса, бул маселе жакын арада чечилет деп ишенебиз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан