SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Стивен Гомез кыргызча аралаштырып рэп айтат" аттуу видео жүктөлдү (ник: Cinderella).
Видеодо Стивен Гомез кыргыз өлкөсү Борбордук Азияда, Кытай менен жанаша жайгашканы, бул жерден Улуу Жибек жолу өтөрү жана кыргыздын улуттук тамактары, суусундуктары, маданиятындагы өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндайт. Рэп англис жана кыргыз тилдеринде жазылган субтитр менен коштолот.
"Бул видео кыргыз өлкөсү, тили жана маданияты жөнүндө. Мен бул нерсени кыргыз маданиятын башка элдерге таанытууну эле максат кылбастан, кыргыз эли англисчени бир аз да болсо үйрөнүү үчүн да жасадым", - деп жазган Гомез видео тууралуу.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.