Бүгүн, 16-июнда куудул, ырчы Жакут Сыдыков туулган күнүн белгилеп жатат. Ырчынын өздүк майрамы менен куттуктап, майрамды кандай белгилеп жатканын сурасак орозо кармап жатканын, оозун ачкан соң жакын санаалаштары менен белгилей турганын айтты.
"Туулган күн же кандай майрам болбосун дасторконду жайнатып, көңүлдүү өткөрөт эмеспизби. Орозо кармаганымдан азыр майрамдоо тууралуу план деле жок. Кечке маал, ооз ачкан соң үй-бүлөм, жакын санаалаштарым менен белгилейбиз.
Буга чейин көп эле эсте калган туулган күн өткөргөм. Бир жолу окуучулук кезде классташтар менен тоого чыгып туулган күнүмдү белгилемей болдук. Кой союп, этти бышырып алып келатканда бир балабыз тамашалап "аа-а-аа" деп кыйкырып келип бир устуканды жула качты. Баарыбыз оюнкараак, тамашакөй балдар элек. Ошондо баары жабылып этти талап кетишкен. Туулган күн ээси - мага эч нерсе калган эмес. Азыр достор менен ошол окуяны эстеп күлүп калабыз".
16-июндун жылнаамасы.