Чет элдик жарандарга жерди ижарага берүү тууралуу токтомду жокко чыгаруу талабы менен митинг өттү

Бүгүн, 16-июнда Өкмөт үйүнүн алдына чет элдик жарандарга жерди ижарага берүү тууралуу №608-токтомду жокко чыгаруу, Жерлерди трансформациялоо мыйзамын кабыл алууну эртелетүү талабы менен митинг уюштурулду. Митингге 50дөн ашуун адам катышууда. Алардын арасында 85 жаштагы эмгек ардагери, Орто-Сай айылынын тургуну Чачыкей Идирисова да бар.

"5 балам, 3 неберем менен бир үйдө жашайм. Союз убагында айыл чарбада иштеп мамлекетке салым кошком, эми мени мамлекет унутту", - дейт Чачыкей Идирисова.

"Жерди мыйзамдаштырып беришсин. Эгер мыйзамдаштырып бербесе, биз кол топтоп Жогорку Кеңешти кетиребиз. Биздин аркабызда миңдеген адамдар бар. Азыркы депутаттар - ишкерлер. Андай элди ойлобогон депутаттардын кереги жок. 200 миң кишинин 13 700 гектар жери мыйзамдаштырыла элек. 1,5 жылдан бери ушул талап менен жүрөбүз. Эсепсиз митинг өткөрдүк. Бүгүнкү митингге өкмөт өкүлдөрү келбей коюшту", - деди митингдин катышуучусу Бекеназар Айталиев.

Ал эми Ысык-Көлдө 400 гектар жер 1983-жылдан бери мыйзамдаштырыла элегин митингдин дагы бир катышуучусу Учкун Сакилов билдирди.

Жерлерди чет элдиктерге бербөө талабы менен митинг
Жерлерди трансформациялоо мыйзамын кабыл алуу талабы менен митинг 2
Митингге келген 85 жаштагы эмгек ардагери Идирисова Чачыкей
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
M89
2016-06-16 11:57:08
Туура, мен дагы колдойм!!! 49 жылда ким бар, ким жок! Казактар дагы митингге чыгышты эле. Биздикилер эми ойгонушту окшойт.
+2
Jooshbai
2016-06-16 11:59:40
uwu 49 jyldy azaitsa bolboibu. bergende ele srazu 49 debei 10-15 jylga berse bolot da
0
tyrgon
2016-06-16 12:27:19
Кыргызга гана ьерилсин кыргыз жери.
+3
Azizbek.kg8
2016-06-16 17:57:25
Берилбесин жерлер,Мисалы Акаев учурундагы Ош облусунун Кара-Суу районунда КемпирАбат суу сактагычы 50жылга өзбекстанга арендага берилген деп укам .Эми аны кайтарып алалабы бекен .
0
ss90
2016-06-16 22:24:42
мен да колдойм...!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан