Талас районундагы Кара-Суу айылынын этегиндеги Калба суусу көпүрөдөн ашып, айдоочуларга тоскоолдук жаралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун бүгүн, 16-июнда билдирди.
"Жол салуучулар Талас-Тараз жолундагы бир көпүрөнү бузуп, анын жанына көпүрөсү бар айланма жол салышкан. Июнь айынын башталышы менен күндө ушул көпүрөдөн суу ашып, айдоочуларга тоскоол болуп жатат. Бүгүн нөшөрлөгөн жамгырдын айынан Калба суусу ташкындап, көп убакка чейин унаалар өтө албай тыгын болуп жолдо турдук", - дейт тургун. Бул жол менен көпүрөнү түркиялык ишкерлер эрежелерди жана ал жердеги абалды эске албай салганынын да кесепети болуп жатканын кошумчалады ал.