Көпчүлүк учурда кыргыз жарандары укуктук сабатсыздыгынан улам, ошондой эле жумуш берүүчү тараптын, ортомчу кадрдык агенттиктердин жана клинингдик компаниялардын алдамчылык аракеттерине байланыштуу алдамчы жумуш берүүчүлөрдүн курмандыгы болушууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилигинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда кабарлады.
"Бүгүнкү күнү элчилик тарабынан 250дөн ашык кыргыз жарандарынын 10 миллион рубль суммага алданган кайрылуулары каралууда. Бул кайрылган жарандардын көпчүлүгү эмгек келишимдери жок же Орусиянын мыйзамдарына шайкеш келбеген, жалган эмгек келишимдерине ээ болгон мигранттар. Элчилик тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча 2016-жылдын башынан бери кыргыз жарандарына 2 миллион 468 миң рубль төлөнүп берилген", - деп айтылат маалыматта.
Мындан улам Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилиги "Орусияда иштеп, акча табам" деп келген Кыргыз Республикасынын жарандарына жумушка орношордо эмгек, жарандык-укуктук келишимдерди түзүү жолу аркылуу жумуш берүүчү менен милдеттүү түрдө эмгектик-укуктук мамилелерди тариздөөгө чакырат.