Өлкөдө пенсионерлер айына орточо эсеп менен 4637 сомдон алышат

Кыргыз Республикасында орто өлчөмдөгү пенсия 4637 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Медер Ырсалиев билдирди.

Анын айтымында, 1-октябрдан тарта пенсияга 200 сомдон 500 сомго чейин кошулат. "Соцфонддо буга акча каралган. Пенсиянын көлөмү жыл сайын көтөрүлүп жатат. 35 пайызга чейин көтөрүлгөн жылдар болгон. Акыркы жылдары пенсия 8-13 пайызга чейин көтөрүлүүдө", - деди Ырсалиев.

Депутат Руслан Казакбаев "депутаттар үчүн артыкчылыктардан баш тартып, үнөмдөлгөн каражатты пенсияны көбөйтүүгө жумшасак болмок" деген пикирин айтты.

Мындан тышкары бул маселе каралып жатканда Социалдык фонддун төрагасынын орун басарынын айлыгы 16 миң сомго барабар экени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sagyn01
2016-06-16 15:33:40
Апам уч жылдан бери 2800 сом пенция алат ХХХ ХХХ ХХХ
+5
Rifle_S
2016-06-17 12:25:36
sagyn01,Улуттук банктын төрагасы 120000 сом айлык алат экен , бөлүштүрүп коюш керек окшой.
0
akjoltoy
2016-06-16 15:44:04
Менин апам 5 жылдан бери. 3.100 сом алат. ХХХ ХХХ ХХХ
+2
Mongol1155
2016-06-16 15:54:14
Кыргызстанда пенсиянын колому 1500ден ойдо башталат.ХХХ ХХХ ХХХ.4637 сом бул жакшы пенсия алгандардын катарына кирет.
+1
jakilik
2016-06-16 15:56:24
Менин апам 1239 сом алат 20 жыл иштеген
+1
Musabaeva.
2016-06-16 16:03:30
Майдалабай эле беш миң кылып койбойбу.
0
nur123456
2016-06-16 16:09:47
Бул орточо эсеп менен
0
Samchuk
2016-06-16 16:09:52
ХХХ ХХХ ХХХ Менин апамдан пенсиясы 30жыл стажы менен 2200сом, кайненемдики 40жылдык стажы менен, тем более жогорку кызматта иштегени үчүн араң эле 4800сом алат. ХХХ ХХХ ХХХ
+1
umut87
2016-06-16 17:25:17
1айга продуктга жетп ейт бул акча
+2
aikol87
2016-06-16 20:54:51
Апамын пенсиясы 3600 сом.
0
ss90
2016-06-17 10:24:40
дааааа....
0
Rifle_S
2016-06-17 12:28:18
Негизи дисбаланс болуп жаткан турбайбы. Мисалы Кыргызстанда айлык акыларды тең бөлүштүрсө , баарыбызга айлык акы пенсия жакшы эле өлчөмдө болот экен.
Кечээ жакныда кабарларда жүрбөдү беле улуттук бакнтын төрагасы 120000 сом алат , жардамчылары 108000 алат деп. Ал эми мугалим, милиция менен врачтар элге кызмат кылып жатып алган айлыгы 15000 тегереги. Адилетсиздик деп ойлойм.
0
Aitunuk
2016-06-19 19:23:58
Пенсия иштеп жаткан учурда айлык акынын белгилүү бир процентин соцфондго которуунун негизинде топтолгон акчадан ар бир адамга индивидуалдуу чегерилет. Ошондуктан ар кимдин пенсиясы ар башка суммада.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан